Жаңылыктар
Азык-түлүк жаатында көрүлүп жаткан камкордук кандай жүрүп жатат?
Кыргызстан жаңылыктары
Азык-түлүк жаатында көрүлүп жаткан камкордук кандай жүрүп жатат?

Бишкек шаарында социалдык колдоого муктаж көп балалуу, майыптыгы бар, жумушу жок кыйналып жаткан адамдарга ун таратыла баштады.

Көп балалуу Туракуновдун үй-бүлөсү жардам катары ун алды. Бул бүлө балдарына берилчү жөлөк пулдун эсебинен жашайт, башка кирешеси жок. Үйдүн кожоюну жумуштан бошоп, ишсиз калган. Азык-түлүккө муктаж болуп турган адамдарды мындай колдоо кубандырбай койгон жок.

Алтын-Ордо конушундагы 1-кварталга атайын унаа менен ун жүктөлүп келип таратылды. Жардам алуучулардын тизмесине социалдык колдоого муктаж адамдардан тышкары үй-бүлө мүчөлөрү убактылуу жумушсуз калган бүлөлөр да кирет.

Өкмөттөн калктын аярлуу катмарына жардам катары 237 тонна ун каралган. Төрт районго бөлө келгенде ар бирине 59 тоннадан ашык ун тиет. Өлкөдө өкүм сүрүп жаткан өзгөчө абалда ишкана, тейлөө тармактары, дээрлик көп багыт убактылуу ишин токтотуп, күнүмдүк иш менен оокат кылган адамдарга күч келе баштады. Кыйналып жаткан үй-бүлөлөр аныкталып, бир нече ирет текшерүүдөн өткөн соң ун үйүнө түшүрүлөт.