Жаңылыктар
Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам берди
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстан Кыргызстанга гуманитардык жардам берди

COVID-19 коронавирусунун жайылышына каршы күрөшүүдө Кыргызстандын аракеттерин колдоо максатында, Өзбекстандын мамлекет башчысынын атынан жолдонгон гуманитардык жардам келди. Коңшулук жана өз ара колдоо принциптерине негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн алкагындагы достук жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кампасына түшүрүлдү. 

Өзбекстандын достук жардамы Анжиян - Ош темир жолу аркылуу Кара-Суудагы темир жол бекетине келди. Аманатты Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Анжиян облустук башкармалыгынын биринчи орун басары Жасурбек Каримов алып келди. Коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдө Кыргызстандагы аракеттерди колдоого багытталган жардам тийиштүү кызматтарга өткөрүлүп берилди.

17 вагондо миң тонна ун, 700 комлект медициналык коргонуучу сырткы кийим, 200 даана респиратор, 20 миң колкап, 500 даана көз айнек жана 200 медициналык пирометр менен 2 миң тест- системалары бар. Боордоштук мамиле- соңку жылдардагы эки мамлекеттин ортосундагы достук алакалардын сапаттык жаңы деңгээлде сезилээрлик жанданганынын далили. Мындай мамилелер күн сайын жаңы күчкө ээ болуп жатканынан кабар берет.