Жаңылыктар
Бишкектин түштүк тарабы чектөөгө алынды
Кыргызстан жаңылыктары

Бишкектин түштүк тарабы дагы карантиндик чектөөгө алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы кошулган аймактарга жарандардын жана унаалардын өтүүсүнө тыюу салынат. Мындай чектөөлөр аталган аймактарды дезинфекциялоо үчүн киргизилип жатат. Буга чейин чектөөгө алынган Бишкектин борбордук бөлүгүндө дагы дезинфекция иштери улантылат.

Карантиндик чектөөгө алынган көчөлөр:

• Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү;

• Сүйөркулов–Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн магистралга чейинки бөлүгү;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Байтик баатыр көчөсүнүн түндүк тарабы;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Малдыбаевдин түндүк тарабы;

• Масалиев көчөсүнөн баштап Токтоналиевдин түндүк тарабы;

• Масалиевден баштап Чыңгыз Айтматов проспектисинин түндүк тарабы;

• Бакаев көчөсүнөн баштап Ахунбаевдин чыгыш тарабы.