Тастыкталбаган жалган маалыматты интернет жана WhatsApp аркылуу тараткан 2 жаран карамалып, ал адамдардын өздүгү такталып, учурда кылымыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков бүгүн, 2-апрелде маалымат жыйынында билдирди. Коменданттын маалыматына ыйлык, өткөн сутка ичинде Жалал-Абад облусу боюнча 18 кылмыш катталып, 16 фактынын бети ачылган. Өзгөчө оор кылмыш каттаалган жок. Өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда 2-апрелге караган түнү, коменданттык саат учурунда 95 жаран кармалып, өздүгү аныкталгандан кийин алар менен тиешелүү иштер алып барылган. Коменданттык саат аяктаганда жарандар үйлөрүнө кое берилген. Учурда Жалал-Абад шаары жана Сузак районунда коомдук саясий абал туруктуу деп билдирди комендант Жеңиш Жоробеков.