Жаңылыктар
27-марттан тарта Россия бардык авиа каттамдарын токтоткон
Кыргызстан жаңылыктары
27-марттан тарта Россия бардык авиа каттамдарын токтоткон

Шереметьево аба майданында Кыргызстанга кете албай калган жарандар, бир нече  күндөн бери күтүп жаткан. Бүгүн алардын көпчүлүгү Бишкек шаарына учуп кетти. 

29-мартта эрте мененки саат 7:40та  Шереметьево аба майданынан Бишкек шаарына Аэрофлоттун учагы Кырызстандын 398 жараны менен учуп кетти. Дипломатиялык өкүлчүлүк, миграция кызматы жана консулдуктун аракети менен жүргүнчүлөрдүн тизмеси, аба майдандан күтүп жаткан мекендештер менен толукталды. Алардын көпчүлүгү аялдар, кары-картаңдар жана транзиттик аймакта калгандар. Белгилеп кетсек, учак Кыргызстандан Россиянын өз жарандары менен кайтып келет.

Кетпей калган жарандарды мейманканаларга жайгаштырып, жумуш менен да камсыздоо маселеси каралууда.

Эске сала кетсек, биз буга чейин, Шереметьево аба майданынан каттамдары токтотулуп, Кыргызстанга кете албай калган жүздөн ашык мекендеш тууралуу сөз кылган элек. Алардын көпчүлүгү азыркы жагдайга байланыштуу ишинен бошотулуп, мекенге кайтуу үчүн билет алып, ушул күндөрү өз үйүндө болууну каалагандар. Эске сала кетсек, 27-марттан тарта Россия эл аралык каттамдарды толугу менен токтоткон.

Россияда жана борбор шаар Москвада да коронавирусту жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүүдө. Жогорку окуу жайлар менен мектептер аралыктан окууга өткөн. Ал эми 30-марттан 5-апрелге чейин президент Владимир Путиндин жарлыгына ылайык иш күнү эмес деп белгиленген. Бул күндөрү кийим саткан дүкөндөр, сейил бактар, ресторан-кафелер жабылат. Мындай иш-чаралар COVID-19дун таралышын ооздуктоо үчүн багытталууда.