Жаңылыктар
Нарында эпидемиологиялык абал туруктуу
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында эпидемиологиялык абал туруктуу

Ар бир аймакка уюшулган санитардык карантиндик посттордо каттамдар көзөмөлгө алынып жатат. Облус боюнча 13 жерге негизги посттор коюлган. Мындан тышкары ар бир айылда да посттор уюшулган. Анда жүргүнчүлөр да, унаалар да тыкыр көзөмөлдөнүп, жеринде дезинфекциялоо жумуштары жүрүүдө. Посттордо милиция кызматкеринен баштап, медицина жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлери нөөмөттө турат. Ал эми айылдардан чыккан унааларга чектөө коюлду. 

Тактап айтканда, ар бир айылдан сыртка экиден гана унаанын чыгуусуна уруксат берилип, алар облустун борборунан азык-түлүк жана тиричилик буюмдарын ташыгандар гана болууда. Элеттиктерди жугуштуу оорудан оолак болуу үчүн себепсиз үйдөн чыкпоого, жеке гигиенаны сактоого жана коомдук коопсуздук үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырган түшүндүрүү иштери байма бай жүрүүдө.