Жаңылыктар
Бишкекте дезинфекциялоо иштери уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте дезинфекциялоо иштери уланууда

Көчөлөрдү зыянсыздандырууну “Тазалык” ишканасы колго алып, атайын 10 унаа менен иш жүргүзсө, базарлардагы жумушту Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аткарып жатат. Тазалоо иштерине тоскоолдуктар жаралбаш үчүн айрым жолдор тосулду. Көчөдө эл өтө аз, таштанды азайды. Шаарды таштандыдан арылтуу ишин алып барган “Тазалык” ишканасы эми башка милдетти да аткарууда. Көчө, аялдама, темир курулмалар, ар кандай жасалгалар зыянсыздандырылып жатат. Шаардыктар мындай кеңири дезинфекциялоону алгачкы жолу көрүп отурушат. Дезинфекциялоо иши жүрө турган жерлер улам алмаштырылып турат. 20-мартта башталган жумуш ар күн сайын уланат. Ал эми базарларды зыянсыздандырууну Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин шаардык башкармалыгы колго алган. Бул ирет Мадина, Аламедин, Орто-Сай жана Ош базарларында дезинфекциялоо жумуштары жасалды.

Ишканага коопсуздук талаптарын так аткаруу тапшырылган. Иш башталаардан мурда атайын унаалар биринчи дезинфекцияланат. Ал эми жумуш жүрүп жаткан учурда тоскоолдуктар болбошу үчүн айрым көчөлөр бөгөттөлгөн. Бишкекти зыянсыздандырууга жеке ишканалар да көмөк көрсөтүүдө.