Жаңылыктар
Дарыгерлер тобу жардамга келди
Кыргызстан жаңылыктары
Дарыгерлер тобу жардамга келди

Коронавирус илдетине каршы күрөшүү, ооруканада жаткан бейтаптарды дарылоо, жергиликтүү дарыгерлерге жакындан жардам берүү максатында Жалал-Абад облусуна Бишкек шаарынан 8 кишиден турган дарыгерлер тобу келди. Алар 3 топко бөлүнүп иштейт. 5 дарыгер Ала-Бука, Аксы жана Ноокен районуна жөнөтүлдү. Калган 3 дарыгер облустук ооруканда калды.

Жалал-Абад облусуна келген 8 дарыгер жугуштуу оорулар боюнча иш алып барган адистер. Алардын катарында көп жылдан бери жугуштуу илдеттер менен иштеген Динара Бекенова да бар. Кесиптештерине жардам берүүгө, бейтаптарды дарылоого салымын кошуу үчүн келген Динара айым, эл саламаттына кам көрүүгө ар дайым даяр экенин айтат.

Бүгүнкү күндө облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө коронавируска кабылган бейтаптар менен 5 дарыгер күнү-түнү нөөмөттө. Эреже-талап боюнча алар дарыгерлер бейтаптарды сыртка чыкпастан 14 күн дарылашат. 24 саат бою имарат ичинде бейтаптардын абалын көзөмөлдөп, аларды саламаттыгына кам көрүп жаткан дарыгерлеге бүгүн 10 күн болду. 4 күндөн кийин жармадага келген кесиптештери менен алмашат. 

Жалал-Абад облусуна келген дарыгерлер Саламаттык сактоо министрлигине жана өкмөткө өз ыктыярлары менен илдеттин очогу болгон аймакта иштеп берүү ниеттин билдиришкен. 

Мындай кырдаалда бейтаптар менен иштеген дарыгерлер биринчи кезекте зарыл болгон медициналык каражаттар менен камсыз болушу шарт. Облустук клиникалык ооруканасынын башкы директору Кумар Ботокараев билдиргендей, дарыгерлер үчүн атайын коргонуучу кийим жана башка каражаттар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан берилген. 

Ал арада дарыгерлердин коопсуздугуна кам көрүүгө жардамын берген жарандар да жок эмес. Облустук ооруканага демөөрчү тарапар респиратор беткап беришти. Бир нече жолу пайдаланууга жарай турган бул беткаптар эми дарыгерлерге берилет. 20 дан ашуун бөлүмдөн турган Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы бүгүнкү күндө мурдагыдай шартта эле иштеп жатат.