Коменданттык сааттын шартын бузган 320 жаран кармалып, 9 автоунаа токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Алар кечи саат 20:00дөн эрте мененки саат 07:00 аралыгында жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузган.
Аларга коменданттык сааттын талаптары менен эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. Кошумчалай кетсек Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-марттан тартып 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.