Жаңылыктар
Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн баасы жогорулаган жок
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда азык-түлүктөрдүн баасы жогорулаган жок

Кыргызстанда негизги керектелүүчү азыктарга болгон бааларда кескин өзгөрүү жок. Өлкө боюнча бардык азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Азыктарга карата тартыштык да жок, соода түйүндөрү кадимки тартипте иштеп жатат.

Борбордо жайгашкан "Ош" базарында азык-түлүккө болгон баа кескин жогорулаган жок. Болгону сезондук өзгөрүүгө жараша ундун, кумшекердин жана эттин баасы гана мурдагыга салыштырмалуу жогорулады. Жергиликтүү сатуучулардын билдиришинче, бул дагы доллардын кунунун көтөрүлүшүнө байланыштуу экен.

Ал эми эт жана эт азыктардын баасы мындан 2 жума мурда көтөрүлгөн. Анткени, бүгүнкү күндө Кыргызстандын эт азыктары Казакстанга, Өзбекстанга экспорттолууда.

Өлкөдөгү монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тарабынан негизги керектелүүчү азык-түлүктөргө болгон баага күн сайын байкоо жүргүзүлүп турат. Кайсы бир азыкка болгон баа негизсиз көтөрүлсө, анда алар бул көрүнуштү мыйзамдын негизинде жөнгө салышат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында, азык-түлүктү керектүү өлчөмдө жеткирип туруу жана анын баасын жогорулатпоо тууралуу өкмөт тарабынан ипорттоочулар жана жергиликтүү өндурушчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.