Жаңылыктар
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Мейраждин Зулпуев дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдук жана мамлекеттик ишмер Мейраждин Зулпуев дүйнө салды

Кыргызстан эли орду толгус оор жоготууга учурады. Коомдук жана мамлекеттик ишмер Мейраждин Зулпуев 78 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Зулпуев Мейраждин мектепти аяктагандан кийин 1961-1966-жылдары Москва шаарындагы гидромелиоративдик институтунда билим алып, инженер-гидротехник адистигине ээ болгон. Өлкөнүн сугат суу системасында эмгек жолун баштаган Зулпуев, Лейлек райондук комитеттин биринчи катчысы,  Суу чарба жана мелиорация министри, вице-премьер-министр кызматтарында иштеди. Мейраждин Зулпуев бүтүндөй өмүрүн суу чарба жана ирригация тармагына арнап, анын жетекчилиги менен өлкөбүздөгү миңдеген гектар жерлерге суу каналдары тартылып, жерлердин асылдуулугу арткан. Зулпуевдин элге кылган эмгеги жогору бааланып, бир катар даражалуу сыйлыктар жана эки Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. Мейраждин агабыздын өтөлгөлүү өмүр жолу, жаркын элеси дайыма эсибизде болот. Мейраждин Зулпуевичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жээнбеков С.Ш., Жумабеков Д.А., Абылгазиев М.Д., жана башкалар.