Жаңылыктар
Таза суу менен камсыздоо
Кыргызстан жаңылыктары
Таза суу менен камсыздоо

Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары, таза суу менен камсыз болот. Бул максатта жакында 8 мыйзам долбоору ратификацияланып, күчүнө кирди. Ал арада эл-аралык каржылык институттардын каржылоосу аркылуу атайын тизме түзүлүп, 10 млрд сомдук каржылык булактар аныкталды.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу- мамлекет тарабынан артыкчылыктуу багыт катары аныкталган. Анткени таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди, жалпы эле экономиканы өнүктүрүү кыйынга турат. Бирок бул максатты ишке ашырууга ири өлчөмдөгү каражат талап кылынат. 

Инвесторлор менен каржы тартуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл болуп турган чакта, таза суу боюнча 8 мыйзам долбоору ратификацияланып, күчүнө кирди. Баардыгы болуп 10 млрд сомдук каржылык булактар аныкталды.

Ушул тапта долбоордун сметалык иш кагаздары даярдалууда. Ошондо таза суу тутумдарын курулушу жана монтаждоо иштери күз айларында башталат. 

Таза суу маселесин чечүүдө Эл аралык институттардын колдоосунан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен да акча каражаттары каралууда. Андыктан ар бир жергиликтүү бийлик органы каржыны үнөмдөп, өнүгүү иштерине багыттоо зарыл-дейт адистер. 