Кыргызстан коңшу өлкөлөргө азык түлүк продукциясынын экспортун көбөйтүүдө. Жашылча-жемиш, эт, сүт жана бал азыктарына суроо-талап жогору. Өлкө аймагында иштеп жаткан ветеринардык лабораториялар чийки затты эл аралык талапка ылайык текшерип, бул өз кезегинде дыйкандар менен фермерлерге да көп жеңилдиктерди берүүдө.
Бишкек шаарындагы ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борбору эң акыркы үлгүдөгү техникалар менен жабдылган. Лабораторияда сыртка экспорттолчу чийки заттын бардыгы текшерүүдөн өтөт. Азыркы күндө азыктардын 3 миңге жакын түрүнөн үлгү алынууда. Акыркы үч жылда 5 эсеге чейин көбөйдү.
Чийки затты текшере турган лабораториялар өлкөнүн ар бир облусунда бар. Бул өңдүү ири борборлордон экөө, бири борбор калаада болсо, экинчиси Ош шаарында жайгашкан. Азык түлүк продукциялары текшерүүдөн таза чыкса, ишкерлер эл аралык талапка жооп бере турган сертификатка ээ болушат. Былтыртан тарта кыргызстандык дыйкан фермерлер Өзбекстанга тирүү кой жана картошка экспорттой баштады. Коңшу өлкөнүн ишкерлери менен жалпы 4 млн долларга эсептелген келишимдерге кол коюлган.
Былтыр Кыргызстандын экономикасында 4,5 пайыз өсүш болду. Экономиканы өргө тартууга экспорт тармагы да чоң өбөлгө болгон. Былтыр өлкө 1 млрд 900 млн долларга товар чыгарып, 2018-жылга караганда өсүү ыргагы 7 пайызды түзгөн. Кыргызстан өндүргөн продукциясын 15тен ашык мамлекеттерге экспорттойт.
Өкмөт экспортко багытталган ишканларды колдоо максатында бир катар иш-чарлар планын ишке ашырууда. Былтыр 102 ата мекендик ишканадан сырткары Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине 37 сыноо лабораториясы кирди. Анын 26сы мамлекеттик болсо, 11 лаборатория - жеке менчик. Мындай аракет биринчи кезекте коңшу мамлекеттерге чыккан товардын көлөмүн көбөйтүп, жалпы өлкөнүн экспорттук дараметин жогорулатууга шарт түзөт.