Жаңылыктар
Экономикалык коопсуздук
Кыргызстан жаңылыктары
Экономикалык коопсуздук

Өлкөдө азык-түлүк тартыш эмес. Калк керектей турган негизги товарлар жетиштүү көлөмдө. Президент Сооронбай Жээнбеков Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды. Жолугушууга Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышты. 

Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу экономикалык коопсуздукка болгон терс кесепеттерди, тобокелчиликтерди жана коркунучтарды минималдаштыруу боюнча чаралар талкууланды.