Жаңылыктар
КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы төрагасы шайланды
Кыргызстан жаңылыктары
КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы төрагасы шайланды

Кеңештин мүчөлөрү бир добуш менен Азамат Болгонбаевди шайлашты. Байкоочу Кеңештин мүчөлөрү жаңы шайланган төраганы куттуктап, КТРКнын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө салымын кошот деген ишеничтерин билдиришти. 

Ошондой эле бүгункү жыйында КТРКнын радиоуктуруу боюнча башкы директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу Айбек Мусаевди Байкоочу кеңештин мүчөлөрү орун басар кылып бир добуштан бекитишти. Мындан тышкары орусиянын биринчи каналы менен КТРКнын келишими узартылып, тажрыйба алмашуу багытында жана Москвадагы бөлүмдү бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөр болгондугун КТРКнын башкы директору Жайнак Усөн уулу билдирди. 

Мындан сырткары Кыргыз телефильмдин ишмердиги туурасында да сөз болуп, аларга баарылап колдоо көрсөтүү сунушу айтылды.