АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмү Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык эмес визаларды берүүнү улантууда. Бул тууралуу консул Алисса Биб билдирди.
Иммиграциялык эмес визаларга саякат, бизнес, тажрыйба алмашуу жана студенттик визалар кирет. Визанын мындай түрлөрүнө чектөө киргизилген эмес.
Консул грин-карта - 2021 визалык лотереясына тапшырып, жообун күтүп жаткандар грин-карта утуп калса, визалык чектөөлөр жоюлмайынча АКШга барууга уруксат ала албарын билдирди.
Анын айтымында, Америка 6 ай сайын бул чектөөлөрдү карап тургандыктан, Кыргызстан биометрикалык паспортторду киргизсе, чектөөлөрдүн алынышына шарт түзмөк. Ошондой эле, кыргызстандыктар алдыдагы лотереяларга арыз тапшырып, катышууга болорун кошумчалады.