Жаңылыктар
АКШ кыргызстандыктарга грин-карта визасын берүүдөн баш тартты
Кыргызстан жаңылыктары
АКШ кыргызстандыктарга грин-карта визасын берүүдөн баш тартты

АКШнын президенти Дональд Трамп Кыргызстан жана беш өлкөнүн жарандарына өлкө аймагына кирүүсүнө чектөө киргизүү чечимин кабыл алды. Бирок бул баарына тиешелүү эместигин Американын Кыргызстандагы элчилиги билдирүүдө. Элчилик билдирген маалыматтарга ылайык, АКШ өкмөтү туристтик, бизнес, студенттик жана алмашуу долбоорлоруна арналган иммиграциялык эмес визаларды берүүнү улантат. 

Ал эми жөнөкөй жарандар менен “Грин-карт” визаларын берүү убактылуу токтотулат. Буга удаа эле Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда АКШнын лидери кабыл алган чечимге расмий түшүндүрмө берүү үчүн элчи Дональд Луну чакыртканы, ошону менен бирге Америка өлкөлөр ортосундагы мамилеге сезилерлик залал келтиргени айтылат. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"