Жаңылыктар
Коррупция менен күрөштүн натыйжасы
Кыргызстан жаңылыктары
Коррупция менен күрөштүн натыйжасы

Кыргызстан "коррупцияны кабылдоо индексинде" өткөн жылдагы позициясын жакшыртып, дүйнөнүн 175 өлкөсүнүн ичинен 126-орунга жайгашты. "Transparency International" эл аралык уюмунун жемкорлуктун деңгээлин өлчөгөн рейтинги боюнча өлкө 2017-жылдан берки турумун 9 баскычка жогорулатып, 30 упай менен көрсөткүчүн кыйла жакшыртты.

«Transparency International» уюму эки апта мурдараак жыл сайын жарыялануучу дүйнө мамлекеттериндеги коррупциянын деңгээлин аныктаган иликтөөсүн чыгарды. Эл аралык бейөкмөт уюмдун аныктамасына ылайык соңку жылдары Кыргызстан “коррупцияны кабылдоо индекси” боюнча абалын ырааттуу жакшыртууда. 

Талдоочулардын айтымында Кыргызстандын индекстеги рейтингинин жогорулашына таасир эткен жагдайлар абдан эле арбын. Биринчиден коррупция менен аёосуз күрөш уланып жатат. Талдоочулар да соңку эки жылдан бери жемкорлукка каршы күрөш ыкчам жүрүп жатканын белгилейт. Коррупцияга аралашкан премьер-министр, сот, прокурор, министр, укук коргоо органдарын өкүлдөрү болобу кызматына карабастан жоопкерчиликке тартылып жатканы айкын далил боло алат. 

Экинчи жагы жемкорлукка бөгөт коё алган санариптештирүү коррупцияны кабылдоо индексинин жакшырышына оң таасирин берди. Учурда жарандар мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө алып жатышат. Ошол эле учурда ишкерлер менен инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү максатында кабыл алынган мыйзамдар, укуктук ченемдик актылар да коррупцияны ооздуктоодо. 

Коррупция менен күрөш уланат. Мындан улам Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, Башкы прокуратура, УКМК, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматына жана Бажы кызматына өзүнүн кызматкерлеринин коррупциялык жана кызматтык кылмыштарга баруусун, кызматтык тартипти жана этикалык ченемдерди бузууларын аныктоо жана болтурбоо боюнча ички иликтөө чараларын көрүү сунушталды.