Жаңылыктар
Cанариптештирүүнүн артыкчылыктары
Кыргызстан жаңылыктары
Cанариптештирүүнүн артыкчылыктары

Өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында тейлөө кызматтарын электрондук ыкмага өткөрүү Юстиция министрлигинин ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Маселен, былтыр «Юридикалык жактарды онлайн каттоо» маалыматтык системасы иштелип чыгып, өлкө аймагында сыноо иретинде ишке киргизилген. Эми иш баштайм деген адам үйдө отуруп эле онлайн түрдө тиешелүү документтерин толтуруп, каттоого жөнөтсө болот.

Ошондой эле, «Электрондук нотариат» автоматташтырылган маалымат системасы өлкөнүн бардык аймактарында тесттик режимде ишке кирди. Бул тутум өлкө аймагында иш жүргүзгөн нотариустардын ар бир кадамын тыкыр көзөмөлгө алат. Нотариустар каттаган ар бир документ бирдиктүү базада сакталып, мыйзамдуулукту камсыз кылат. Мындан ары арткы күн менен документ жасап коё турган кылмыштуу кадамга жол берилбейт.

Министрлик учурда “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борбору менен тыгыз кызматташып, маалымат алмашууда. Былтыртан бери “Ченемдик укуктук актыларды коомдук талкуулоонун электрондук порталы” иштей баштады. Смартфондорду жана планшеттерди колдонуучулар он-лайн режимде ченемдик укуктук актыларга базасына акысыз кирүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Юстиция министрлиги бул үчүн “Мыйзам” моблидик тиркемесин иштеп чыккан. Укуктук маалыматтардын базасында 130 миӊден ашуун ченемдик укуктук актылар бар.

Пробация департаментинин Аламүдүн райондук бөлүмү. Таалайбек Айтиев бул жерге келип, жумасына эки жолу каттоодон өтүп турат. Ал укук коргоо органдарынын иш аракетине тоскоолдук кылган деген жүйө менен, “бейбаштык” беренеси боюнча айыпталып, шарттуу түрдө бир жылга эркинен ажыратылган. Соттолуучу шарттуу кесилгендиктен пробациялык көзөмөлгө алынып, бул жерде аны менен психологдор иш алып барууда. Бир жылдан ашык сот иштери менен алек болгондуктан кеп кенешке муктаж.

Пробация институту мындан бир жыл мурун ишке кирип, ал эми 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып юстиция министрликтин карамагында иштей баштаган. Жыл соңунда Пробация департаментинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоодо турган кардарларынын саны 5 миңден ашты. Ар бир жарандын өзүнчө окуясы, көйгөйлөрү бар. Пробация органы алардын айрымдарын жумуш менен камсыз кылса, кээ бирлерине техникалык кесиптер боюнча билим алуусуна жардам берип, окууга өткөрүшөт. 

Юстиция министрлиги калкка акысыз юридикалык кызмат көрсөтүү багытында да көлөмдүү иш алып барууда. Бишкек шаарынын тургуну Мелис Арыпбек мекеменин бул кызматынан пайдалангандардын бири. Коңшулардын арасында келип чыккан чыр чатак сотко чейин жетип, жактоочу жалдоо муктаждыгы келип чыккан. 2019-жылы 14441 кишиге мамлекет тарабынан кепилденген квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Жарандар бир гана кылмыш иштери боюнча эмес, жарандык жана административдик иштер боюнча да кайрылса болот. Буга чейин жактоочулардын көрсөткөн кызматына бюджеттен 20 млн сомго чейин гана каражат бөлүнсө, 2019-жылы бул сумма 77 млн сомду түздү. 

Юстиция органдарын санариптештирүүнүн жүрүшү менен ушул аптада президент Сооронбай Жээнбеков таанышып, өлкө башчысы мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүп, санариптештирүү боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи. Санарип ыкманын жыйынтыгы- кайрылгандардын убактысын үнөмдөп, түрдүү чыгымдарды азайтат. Юридикалык жактарды каттоо жеңилдеп, нотариустардын ишиндеги коррупциялык тобокелдиктер жоюлат. Президент эң башкысы бул иштер сапаттуу аткарылып, элге натыйжалуу кызмат көрсөтүлүшүнө маани берүү керектигин баса белгиледи.