Окуучулардын өздүк идентификациялык номуру (ӨИН) чогултулуп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Министрлик “Жаңы китеп” маалыматтык системасын түзүүнү баштаган. Анын алкагында эки маалымат базасы түзүлүшү керек. Биринчиси - китептер жана китеп фонддору боюнча, экинчиси - ижарага китеп алып, окуп жаткан окуучулардын маалымат базасы.
Белгилей кетсек, өздүк идентификациялык номур - окуучунун тек-жайын аныктоочу белги. Бул окуучу тууралуу маалыматтарды тактоо үчүн жардам берет. Ал тутумга бир гана жолу киргизилет. Маалымат ата-энелердин макулдугу менен чогултулат.