Жаңылыктар
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум жылдырылды

Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум жактоочулардын келбегенине байланыштуу 30-январга жылдырылды. 

Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКтын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.