Жаңылыктар
Кытайдан келүүчү азыктарга тыюу салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Кытайдан келүүчү азыктарга тыюу салынды

Кытайдан келүүчү айыл чарба товарларынын бардык түрлөрүнө 1-февралга чейин тыюу салынды. Буга ал өлкөдө чыккан коронавирус себеп болду. Өсүмдүктөрдүн карантиндик департаментинин директору Иличбек Марсбек уулу билдиргендей, учурда анализ жасалып жатат. 

Эгерде тиги же бул тамак-аш азыктарына салынган тыюу өлкөнүн азык түлүк базарына таасир этсе, Айыл чарба министрлиги импорттолуучу азыктардын башка жолдорун табат.