Жаңылыктар
Электрондук форматка өтүү - учур талабы
Кыргызстан жаңылыктары
Электрондук форматка өтүү - учур талабы

Өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында тейлөө кызматтарын электрондук форматка өткөрүү юстиция министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынан. Санариптик технологияны киргизүү менен элге кызмат кылуунун сапатын жакшыртуу боюнча тыкыр иштер жүрүүдө. 

Бул туурасында юстиция министри Марат Жаманкулов бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан учурда кеңири айтып берди. Мамлекет башчы бул тармакта санариптештирүү жумуштары менен калкты тейлөөнүн сапатынан кабар алды.