Жаңылыктар
Жаза аткаруу мекемесиндеги санариптештирүү жана электрондук тутумга кошулуу
Кыргызстан жаңылыктары
Жаза аткаруу мекемесиндеги санариптештирүү жана электрондук тутумга кошулуу

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында айыпталуучу жана камактагы жарандын маалыматтык базасы толугу менен электрондук тутумга кошулган. Андан тышкары, тармактын башкы башкармалыгында бирдиктүү мониторинг жана талдоо борбору түзүлүп, иш алып барууда. 

Жаңы технологиянын жардамы аркылуу жабык мекемелердеги жана тергөө абагындагы оперативдүү абал онлайн түрүндө көзөмөлгө өткөн. Мониторинг борборуна 490 видео камера кошулуп, алар ишке киргенден бери миңден ашык бузуулар катталган.

"Жыл башынан бери ЖАМК кызматкерлеринин катышуусунда 300 бузуулар катталды. Санариптин ишке кириши менен бузуулар 70% азайды",- деди ЖАМКтын Башкы штабынын башчысы Абдиш Коомбаев.