"Мамлекет кепилдеген калкка акысыз юридикалык жардамды уюштуруу" иштерин чагылдырган журналисттер сыйланды. Бардык байгелүү орундарга КТРКнын кызматкерлери ээ болду.
"Биринчи радионун" баяндамачылары Эрмек Актанов жана Ирина Эгинбаева 1-3-орунга, ал эми "Ала-Тоо 24" телеканалынын кабарчысы Калыгул Асамбаев 3-орунга татыды.
Салтанаттуу аземде жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди. Журналисттер арасында жалпы өлкө боюнча өткөрүлгөн конкурсту бейөкмөт уюму уюштурган. Жалпысынан массалык маалымат каражаттарында жарык көргөн 48 материал талданып чыккан.