Жаңылыктар
Аймактарды таза суу менен камсыз кылуу аракети жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактарды таза суу менен камсыз кылуу аракети жүрүүдө

 Мирлан Карачпаев Кербен шаарына мындан 10 жыл мурда көчүп келген. Аймакта таза суу ошол учурда эле жок болчу. Абал азыр деле ошондой. Чака-чайнек, челектеп суу ташымай каарманыбыздын көкөйүнө көк таштай эле тийген. Былтыр гана минтип суу сактоочу 6 тонналык кампа куруп алып маселе бир аз жеңилдеди.