Жаңылыктар
Президент тарабынан өлкөнүн мыкты инсандарынын эмгеги бааланды
Кыргызстан жаңылыктары
Президент тарабынан өлкөнүн мыкты инсандарынын эмгеги бааланды

Дарыгер Абдыгали Иманкуловдун ар бир күнү Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында өтөт. Эмгек жолун 40 жыл мурда баштаган адис калктын саламаттыгына кам көрүп, дал ушул ишке өмүрүн арнаган. Кырсыкка кабылып, катуу жабыркап, өмүрү кылдын учунда турган адамга операция кылынаардан мурда анестизиолог-реаниматологдун кароосунан өтөт. Демек, каарманыбызга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн.