Ат-Башы районундагы соода-индустриалдык-логистикалык борбордун курулуш долбоору боюнча жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери башталды. Бүгүн вице-премьер-министр Замира Аскаровдун Ат-Башы районунун жашоочулары менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Соода-индустриалдык-логистикалык борбордун негизги максаттарынын бири жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана Нарын облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу болуп саналат. Транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү жана Европа менен Азияны бириктирген эл аралык коридор боюнча жүк ташууну уюштуруу да максатка коюлган.
Учурда Ат-Башы айылынын Апын Керимбаев атындагы орто мектебинде Ат-Башы районуна салына турган соода-индустриалдык-логистикалык борбордун курулуш долбоору туурасында түшүндүрүү иштери жүрүп, жыйын өтүп жатат. Ага вице-премьер-министр Замир Аскаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрү катышууда.