Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча соттук отурум өттү. Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге айыбы угузулду. Ага коррупциялык схемаларды түзүү боюнча айыптар тагылууда.
Эске салсак, өткөн жылдын жаз айында парламентте Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын кароо боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия, Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген. Анын корутундусунда, Азиз Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.