Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароо боюнча кезектеги отурум болуп өттү. Жараянда күбөнүн бири, Максим Сидеронко көрсөтмө берди. Ал суралып бүткөн соң, мамлекеттик айыптоочулар соттук отурумга келбей жаткан Кыргызстандын жарандары болгон күбөлөрдү мажбурлап алып келүүнү жана Россияга, Леонид Маевский баштаган төрт күбө жөнүндө маалымат алуу тууралуу тапшырык жөнөтүүнү соттон сурады. Сот келтирилген өтүнүчтү канааттандырды. Убакыт бүткөнүнө байланыштуу кийинки соттук териштирүү 4-февралда уланат.