Курулуш тармагы - артыкчылыктуу багыттардан. Казнадан калктуу конуштардын башкы планын жана улуттук нормативдик документтерди иштеп чыгууга каражат бөлүнүүдө. Өкмөт курулуш тармагын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясын иштеп чыкты.
Өлкөдө салынып жаткан имараттардын кум-шагыл, кышы, цемент сыяктуу курулуш материалдары өзүбүздөн болсо, калганын башка өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрү камсыздайт. Ортодогу ташылып келген чыгымдарын эсептей келгенде наркы жогору болот. Натыйжада, курулуш жумуштарынын сметалык баасы дагы өсөт.
Кыргызстанда жасалгалоо материалдарынын 80 пайызы сырттан келет. Архитектура, курулуш агенттиги өлкөдө жасалгалоочу материалдарды өзүбүздөн өндүрүүгө басым жасаганы жатат. Бул иштер кабыл алынган стратегияда жакынкы 10 жылда каралган.
Башкы план боюнча калктуу конуштарды иретке келтирүүдө жаралган маселени чечүү аракети да стратегияда каралган. Стратегиянын алкагында нормативдик база дагы жөнгө салынат. Адистер кабыл алынган механизмдер так жана даана иштеш үчүн бул агенттиктин макамын жогорулатуу керек деген пикирде.
Курулуш үчүн документтерди берүүдө да жеңилдиктер жаралды. Жаңы жобого ылайык документтерди долбоорлоого даярдоодо ыйгарым укуктуу органдар менен ашыкча макулдашуу процедуралары алып салынды.