Мамлекеттик салык кызматы быйыл салык жол жоболорун фискалдаштыруунун алкагында бир катар жаңы эрежелерди киргизет. Маселен январь айынан тарта тамеки, алкоголдук продукциялар жана бут кийимдерди санарип каражаттар менен маркалоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Ал эми апрель айынан баштап кошумча нарк салыгын төлөгөндөр, товар импорт - экспорт кылгандар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонууга өтөт. Мамлекеттик салык кызматы жаңы жылга карата пландары менен бирге 2019-жылдын жыйынтыгын да чыгарышты.
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына караганда, 2019-жылы аларга коюлган план 100 пайызга аткарылды. 2018-жылга салыштырмалуу былтыр салыктардын түшүүсү дээрлик 4,5 млрд сомго көбөйгөн.
Салык чогултуунун көлөмүнүн көбөйгөнү- салык жол жоболорун электрондоштуруп, жаңы кызматтарды киргизүүгө байланыштуу да болду. 2019-жылы ишкердик субьектилерге 1809 контролдук кассалык эсептегичтер орнотулган. Ал эми жалпы долбоордун алкагында орнотулган эсептегичтер 16 миңден ашты. Ага катар “Бирдиктүү терезе” тутумун жалпы өлкө боюнча кеңейтүү, салык жол жоболорун фискалдаштыруу жана импорт, экспорттогу товарларды электрондук эсепке өткөрүүнүн натыйжасында жарандар менен иштөө жеңилдеди.
Салык кызматынын төрагасы 2020-жылы салык жол жоболорун фискалдаштыруу жаатындагы жаңылыктары менен да бөлүштү. Январь айынан тарта тамеки, алкоголдук продукциялар жана бут кийимдерди санарип каражаттар менен маркалоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Ал эми апрель айынан баштап кошумча нарк салыгын төлөгөндөр, товар импорт - экспорт кылгандар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү.