Жаңылыктар
Ноокен районунда Салык кызматынын “бирдиктүү терезеси” ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокен районунда Салык кызматынын “бирдиктүү терезеси” ишке кирди

Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча башкармалыгында “бирдиктүү терезе” ишке киргизилди. Эми салык кызматы тарабынан жарандарга жана салык төлөөчүлөргө тиешелүү кызматтын бардык түрү көрсөтүлөт.



“Бирдиктүү терезеде" декларацияларды, отчетторду, эсептөөлөрдү кабыл алуу, ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн арыздары боюнча ар кандай эсеп-фактураларды берүү жагы ишке ашырылат.


“Бирдиктүү терезе” принциби салыктык тескеп-башкаруу жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртуу боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында киргизилген. Кызматтын иштеп башташы ишти тездетип, убакытты үнөмдөө жагынан ыңгайлуу экенин салык төлөөчүлөр менен кайрылган жарандар айтат.

Ноокен районунда “бирдиктүү терезе” кызматы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында дагы ачылган. Эң алыскы Достук айыл өкмөтү дагы жарандарды “бирдиктүү терезе” принциби боюнча тейлөөгө өткөн. Бүгүнкү күндө жергиликтүү жашоочулар айыл өкмөттө туруп эле архитектура, каттоо жана социалдык коргоо кызматынын кызматын алышат. Аталган кызматтын адистери жума ичинде бир ирет айыл өкмөткө келип, жарандарды тейлейт. Ал эми Ноокен районунун 4 айыл өкмөтүндө “бирдиктүү терезе” кызматы бар.