Соңку жылдары Кыргызстан бир катар өлкөлөр менен тышкы алаканы бекемдеп, байланышты жаңы нукка бура алды. Быйыл да өлкө азыркы багытынан тайбайт, экономикалык жана экологиялык дипломатияны өнүктүрүүгө өзгөчө маани бермекчи. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди. Айтымында Кыргызстан тышкы саясатты көп тараптуу багытта жүргүзүүнү улантат.
Кыргызстан соңку жылдары Германия, Швейцария, Япония, Тажикстан, Индия, Казакстан, Кытай, Азербайжан, Араб өлкөлөрү менен болгон алаканы жаңы өңүткө бурду. Башкысы бул мамлекеттер эки жана көп тараптуу алаканы өнүктүрүүгө, энергетика, тоо-кен, туризм, өнөр жай өңдүү тармактарга инвестиция салууга кызыкдар. Араб өлкөлөрү болсо экологиялык табигый азыктарды сатып алууну да каалайт. Анын үстүнө тышкы саясаттын былтыр бекитилген жаңы концепциясына ылайык элчилер экономикалык жана экологиялык дипломатияга ыктаган саясатты күчөттү.
Быйыл да экономикалык жана экологиялык дипломатияга багытталган иштер улантылат. Ал эми тышкы саясатка сары эсеп салсак Өткөн жылы Мамлекет башчысынын Германияга болгон расмий сапарында 1 миллиард 900 миллион еврого 17 келишим, Швейцария сапары учурунда 9 келишим түзүлгөн. Учурда эки мамлекет менен тең жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында тараптар кызматташууда.
Былтыр Бишкекте Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйыны, ЕАЭБдин эл аралык форуму өттү. Ошол эле учурда Кыргызстан аймактык жана эл аралык уюмдарга төрагалык кылды. Анын бири түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешине төрагалык кылып, аны Азербайжанда өткөн жыйында ийгиликтүү өткөрүп берди. Анын алкагында Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президенти менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алаканы чыңдоо маселеси талкууланган болсо, быйыл күздө Ильхам Алиев жергебизге расмий сапары менен келет.
2020-жыл Кыргызстанда Россия Федерациясынын жылы ал эми Россияда Кыргызстандын жылы деп жарыяланган. Мындан улам быйыл да Кыргызстанда бир катар маанилүү иш-чаралар өткөнү турат. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак мамилени бекемдөө жылында тараптар аскердик техникалык, саясий, экономикалык, илим, билим берүү, спорт, миграция маселелерине өзгөчө маани берет. Ошол эле учурда Кыргызстанда Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин ишкерлери катышкан ири экономикалык форум өтөт.