2024-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактары 100 пайызга таза суу менен камсыз болот. Айрым аймактарда суу курулмалары жаңыдан тартылса, айрымдарында эскилерин оңдоо иштери жүрүп жатат. Ал ортодо өлкө башчы эл аралык каржы булактары менен аймактарды таза суу менен камсыздоо боюнча макулдашууларды ратификациядан өткөргөн мыйзамдарга кол койду.
Элет элин таза суу менен камсыздабай туруп өнүккөн өлкө, дени сак улут, ден соолугу чың муун, саламаттыгы бекем коом тууралуу сөз кылып болбойт. Ичүүчү таза суусу жок айыл кыштактарга турист да келбейт, инвестор келип акча салып, ишкана ачпайт. Экономикасы өнүккөн өлкө курабыз десек эң ириде аймактарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо зарыл. Суу өмүрдүн да, өнүгүүнүн да булагы.
Аймактарды таза суу менен камсыздоо өлкө башчысынын шайлоо алдындагы программасынын өзөгүн түзөт. Андыктан акыркы 2 жылда бул тармакка айрыкча көңүл бурулууда. Калктуу конуштарга таза суу чыгаруу үчүн казындан бөлүнгөн каражат эселеп көбөйдү. Аны менен катар эл аралык каржы мекемелери менен кызматташуу да жолго коюлду.
Өлкө башчысы кол койгон макулдашууларды ратификациялаган мыйзамдарга ылайык Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Исфана жана Кербен шаарыныны суу курулмаларын оңдоодон өткөрүүгө каражат бөлөт. Андан тышкары Сауд өнүктүрүү фонду да колдоо көрсөтүүдө.
Ал эми Сауд өнүктүрүү фондунан «Айыл жерлерин суу менен камсыз кылуу жана санитария системасын өнүктүрүү» долбоорун ишке ашырууга 30 млн доллар насыя катарында алынды.
2019-жылга карата алынган маалыматка ылайык өлкө аймагында 1819 айыл кыштак бар болсо, алардын 65 гана пайызы ичүүчү таза суу менен камсыз болгон. 546 айылда таза суу маселеси курч бойдон калууда. 2024-жылга чейин 100 пайыз камсыздоо милдети коюлган. Ал эми бул жылда 80 айылга таза суу курулмалары тартылып, ичүүчү суу киргизилет.