Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюу боюнча ишин карамак. Бирок, сот органынын өкүлү билдиргендей, сот отуруму күбөлөрдүн бири келбегендигине байланыштуу 29-январга жылдырылды.
Мурдагы аткаминерге “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча айып тагылган. Дүйшөнбек Зилалиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеп, вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган.