Эмгек жана социалдык өнүктүрүү тармагын санариптештирүү, кызмат көрсөтүүнү электрондоштуруу менен дарексиз жолдонуп жаткан 1 млрд сомду үнөмдөөгө мүмкүн болду. Аны менен катар өткөн жылдан тарта ондон ашык маалымкат элекрондук форматта берилип жатат. Интернет портал аркылуу социалдык төлөмдөрдү онлайн эсептөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. Өз убагында берилбей келген “Балага сүйүнчү” ымыркай төрөтканадан чыккандан кийин 2 күн ичинде берилүүдө. Бүгүн, өлкө башчысы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровду кабыл алды. Анда 2020-жылды "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыкты ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланып, министр өткөн жылдарда аткарылган иштер, жетишилген натыйжалар тууралуу маалымат берди.
Алмагүл Сайдинова Бишкек шаарынын Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгында 16 жылдан бери эмгектенип келет. Мындан 10 жыл мурда кабат-кабат жыйылган кагаздар менен иштегенин азыр эстеп, өзү да таң калат. Тармакка санариптешүү киргенден бери документ иштери бир кыйла жеңилдегенин айтат.
Санарип саясатты ишке ашыруу социалдык чөйрөнү тескеген министрликтин негизги багыттарынын бири катары аныкталган. Санариптешүү жарандардын убактысын үнөмдөсө, экинчиден ашыкча чыгамдан куткарды. Министрлик "Түндүк" тутумуна кошулуп, былтыркы жылдын жай айынан тарта ондон ашуун маалымкат электрондук форматта берилүүдө. Президент эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрин кабыл алуу учурунда санариптешүү процессин тармакка кенен жайылтуунун маанилүүгүн белгиледи. Аны менен катар тармактагы кызмат көрсөтүүнү автоматташтыруу жолу менен аймактарда жөлөк пулдарды жана компенсациялык төлөмдөрдү бөлүүдө коррупциялык көрүнүштөрдү жою зарылчылыгын кошумчалады.
Президент, “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылында социалдык кызматтарды көрсөтүү ишин автоматташтырууга, үй-бүлө институтун колдоого багытталган, балдарды жана балалыкты социалдык жактан натыйжалуу коргоону камсыздоого көңүл бурулушу керектигин өзгөчө белгиледи. Тармакты реформалоо, калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын, даректүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгын айтты.
Бүгүнкү күндө министрликтин сайтында "онлайн калькулятор" кызматы иштеп жатат. Ал аркылуу мамлекеттин жардамына муктаж болгон ар бир жаран өздүк маалыматын киргизип, жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүгү бар же жок экендигин текшерип алса болот. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга берилүүчү “Сүйүнчү пулду” чегерүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Бала төрөлгөндө электрондук арыз толтурулуп, эки күндүн ичинде «Балага сүйүнчү» төлөнүп берилет.
Бала асырап алам дегендерге карата талаптар жеңилдетилди. Талапкер ата-энелердин жана балдардын бүтүндөй республиканы камтыган бирдиктүү базасы түзүлүп иштеп жатат. Президент мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүүнү автоматташтыруу боюнча активдүү иштер жасалып жатканын колдоп, жарандардын финансылык жана убактылуу чыгымдарын төмөндөтүү үчүн калкка электрондук форматта социалдык кызмат көрсөтүүнүн жана зарыл маалымкаттардын санын мындан ары да көбөйтүү зарылдыгын баса белгиледи.