Жаңылыктар
Унаа жана байланыш тармагындагы санариптештирүү иштери кандай нукта жүрүп жатат?
Кыргызстан жаңылыктары
Унаа жана байланыш тармагындагы санариптештирүү иштери кандай нукта жүрүп жатат?

Жүктөрдү темир жол аркылуу жөнөтүү электрондук тутумга өткөрүлгөнү ишкерлерге кыйла жеңилдик түзүлдү. Бул кызматты учурда үч жүздөн ашык ишкер колдонуп, өлкөдө өндүрүлгөн товарлар ички гана эмес үчүнчү мамлекеттерге чейин экспортко жөнөтүлүүдө. Мындай ыкма эң негизгиси коррупцияны ооздуктаса, экинчи жагы ишкерлердин убаракерчилигин жеңилдетти. Ал эми автобекеттерде ички жана эл аралык каттамдар үчүн электрондук билеттер сатыла баштаса, автотранспорт агенттиги сунуштаган кызматтар да электрондук түргө өткөрүлдү. 

Эльдар Молдобаев кезектеги жүгүн кабыл алуу үчүн күн алыс минтип кыргыз темир жолунун товардык кабыл алуу мекемесине келет. Тийиштүү кагаздарын толтуруп болгон соң, жүгүн түшүрүп алат. Ишкер он жылдан бери Казакстандын көмүрүн импорттойт. Кышкысын суроо-талап көп болгондуктан көп көлөмдө темир жол менен ташуу пайдалуу. Себеби башка жолдор менен ташуунун чыгымы көбүрөөк. Бирок жакындан тартып ишкер көмүргө буйрутманы электрондук түрдө жүргүзгөнү турат.

Санариптештирүүнүн алкагында кыргыз темир жолунун башка кызматтары менен бирге жүк жөнөтүү же кабыл алуу кызматы жарым жыл мурда электрондоштурулган. Ишкананын бул кызматын 300дөн ишкерлер колдонууда. Кыргыз темир жолунун расмий сайтындагы интерактивдик портал аркылуу өлкөнүн ичине жана чет мамлекеттерге жүк жеткире алат. Кардар менен кызматкердин ортосундагы байланышты жойгон санариптик тутум коррупцияны ооздуктайт.

Ошол эле учурда темир жол менен каттоого жүргүнчүлөр үч жылдан бери электрондук билеттерди сатып алып жатса, быйыл мындай электрондук билеттер автобустарга сатыла баштайт. Кыргыз автобекети мамлекеттик ишканасынын расмий сайты аркылуу автобустарга электрондук билеттерди алып, же болбосо алдын-ала он-лайн түрдө сатып алса болот. Ошондой эле билеттерди төлөм терминалдары, автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу да алууга мүмкүн. Сайтта автобустардын каттамы боюнча да маалыматтар камтылган.

Унаа жана байланыш тармагын санариптештирүү иштеринин алкагында Автомобиль, суу транспорту жана салмак көзөмөлдөө агенттигинде “Электрондук транспорттук көзөмөл" автоматташтырылган маалымат системасы иштей баштады. Анын жардамы менен мекеменин иши толук электрондук түргө өткөрүлгөн.

Санариптештирүүнүн алкагында тармактагы документ жүгүртүү иштери да толук электрондук түргө өткөрүлгөн жана “Түндүк” мекемелер аралык кызматташуу системасына туташкан.