Олуттуу эмес жолдо жүрүү эрежелерин бузган айдоочуларга төмөндөтүлгөн 1000 сом айып пул менен төлөм кабыл алына баштады. "Коопсуз шаар" долбоорунун техникалык операторлорунун адистери төлөө системасында өзгөртүү иштерин жүргүзүп, 19-январдан тарта ишке киргизди. Мурдагы талап боюнча эле жол эрежесин бузган айдоочулар 15 күн ичинде төлөсө, 50 пайызы эсептелерин адистер белгилешет.
Эксперттик коомчулуктун баамында, мындай жеңилдиктер карапайым калктын бийлик органдарына болгон ишенимин жогорулатып, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол кыймылы чөйрөсүндөгү мыйзамды так аткарууга түрткү берет. Бирок ошол эле учурда айдоочуларга да зарыл шарттарды түзүп берүү зарылдыгын белиглешет.
Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"