Сэндвич чыгаруучу “Kav Kev” ишканасына сапатсыз азык чыгарганы үчүн 7,5 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан аталган компания чыгарган сендвич азыгында курт-кумурска жүргөнү тууралуу сүрөт жарыяланган. Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору ишканага текшерүү жүргүзүп, бирок курт табылбаганын билдирди. Айып пул ишкананын башка кемчилиги үчүн салынганын борбордон билдиришти.
Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"