Жаңылыктар
Жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айрым айып пулдун наркы төмөндөдү
Кыргызстан жаңылыктары
Жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айрым айып пулдун наркы төмөндөдү

Бул мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга мамлекет башчысы кол койгон. Ага ылайык, жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пулдун өлчөмү 3 миң сомдон миң сомго чейин төмөндөтүлгөн.

Жол кыймылынын айрым эрежелерин бузган үчүн айып пулдун көлөмүн 3 эсе азайтууну Ички иштер министрлиги айдоочулардын пикирин эске алуу менен сунуштаган. Натыйжада, мыйзам парламенттин колдоосуна ээ болуп, документке Президент кол койгон. Айып пулдун азайышын айдоочулар кубаттоо менен кабыл алууда. Байкоо камералары орнотулгандан тарта 20-январга чейин 90 миңден ашуун жол бузуулар катталып, айып пулдун көлөмү 620 млн сомдон ашкан. Айдоочулар анын 50 пайызын төлөгөнг. 

Мындан тышкары, жасалма номурду транспортко тагуу боюнча мыйзам бузуулар жоруктар категориясына киргизилип, айып 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин жогорулатылган. Байкоо камералары орнотулгандан тарта 20-январга чейин 90 миңден ашуун жол бузуулар катталып, айып пулдун көлөмү 620 млн сомдон ашкан. Айдоочулар анын 50 пайызын төлөгөнг. Мындан тышкары, жасалма номурду транспортко тагуу боюнча мыйзам бузуулар жоруктар категориясына киргизилип, айып 20 миң сомдон 30 миң сомго чейин жогорулатылган.