Жаңылыктар
Манасчы Сапарбек Касмамбетов 86 жаш курагында дүйнө салды
Кыргызстан жаңылыктары
Манасчы Сапарбек Касмамбетов 86 жаш курагында дүйнө салды

Улуу манасчылардын жолун жолдогон залкар манасчы, төкмө акын Сапарбек Касмамбетов 86 жаш курагында дүйнө салды. Ал маданий-агартуу тармагында жарым кылымдан ашуун эмгектенип, элдин руханий дүйнөсүнө өзгөчө салым кошту. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында чыгармачылыгы таанылып, элдик ыр-күүлөрдү, дастандарды жайылтуучулардын бири болду. 1992-жылы өткөрүлгөн республикалык төкмө акындардын биринчи айтышынан тартып акындык өнөрдү алдыга сүрөп, жол баштап, шакирттерди өстүрүп чыкты. Сапарбек Касмамбетов эл алдында улуу Манас дастанын күнү-түнү айтып, өзүнүн манасчылык өнөрдөгү өзгөчөлүгү, айтуу ыкмасы, образы менен айырмаланып, элдин оозунда бийик баага арзыды. 

Айтылуу манасчы «Эл манасчысы» наамына арзып, «Залкар манасчы» сыйлыгын алган, ошондой эле, «Даңк», «Манас 1000» мааракелик медалдары менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери болгон. Кыргызстандын маданияты, чыгармачыл интеллигенциясы, жалпы эле Кыргызстандын эли маркумдун туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. Жээнбеков, Жумабеков, Абылгазиев, Калиева, Бакиров, Касымалиева, Боронов, Разаков жана башкалар.