«Эмгекчил, ак ниет мекендештерибиз арбын болгону үчүн өлкөбүз өнүгүп, өсүүдө». Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлыктарды жана наамдарды тапшыруу аземинде билдирди. Мамлекет башчы күжүрмөн эмгектин натыйжасында мамлекеттик жогорку сыйлыкка татыган жарандарды чын дилден куттуктады. Өткөн жылды татыктуу узатып, 2020-жылга карата жакшы максаттар коюлганын айткан Президент жасай турган иштер арбын экенине токтолду. Өлкөнү өнүктүрүүгө, элдин жашоосун жакшыртууга багытталган реформалар улана тургандыгын айтты.
Элет жерин өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу, коррупция менен күрөшүү артыкчылыктуу багыт бойдон кала турганын кошумчалады. Быйыл балдарды колдоого өзгөчө көңүл бурулуп, экономиканы көтөрүү, элдин жашоо-шартын оңдоо - негизги милдет бойдон каларын өзгөчө белгиледи. Алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн эмгекчил жарандар, мекенчил жаштар көп болушу зарыл, - деди."Алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн сиздердей эмгекчил жарандарыбыз, мекенчил жаштарыбыз көп болушу зарыл. Ийгиликтин ээси болуу үчүн журтубуздун биримдигинин, улуттар аралык ынтымактын сакталышы — эң башкы зарыл фактор. Сиздердей эмгек адамдарынын жардамы — мамлекет үчүн чоң мааниге ээ. Сиздер, урматтуу мекендештерим, мамлекет демилгелеген реформаларды, келечекке багытталган өзгөрүүлөрдү колдоп жатасыздар.Учурдан пайдаланып, сиздерге чын ниетимден ыраазычылык билдирем. Сиздер эмгекчилдик, мекенчилдик сапаттарыңар менен коомдогу кадыр-баркка, урматтоого жеттиңиздер. Мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу үчүн биз коомчулуктун, эмгек жамааттарынын оюн эске алдык",- деди Президент Сооронбай Жээнбеков.
Белгилей кетсек, КТРКнын программалар дирекциясы координациялык борборунун менеджери Байма Сутенова «Данк» Ордени, КТРКнын "Баластан" телеканалынын продюсери Кундузкан Аманова Ардак грамота менен сыйланышты.