Маалыматтык технология өнүккөн глобалдашуу доорунда, Кыргызстанда да ишке ашып жаткан санариптик трансформация алыскы айылдарга чейин жеткирилет. Жаз айларынан тартып, “Санарип аймак” платформасы иштеп баштамакчы. Азырынча бир катар айыл өкмөттөргө пилоттук долбоор катары киргизилсе , жыл соңуна чейин бүтүндөй өлкөнү кучагына алары айтылууда.
Ленин айыл өкмөтүндө он эки миңден ашуун тургун жашайт. Ар бир түтүндүн чарба китепчесин толтуруу, тургундарды каттоого алуу, каттоодон чыгаруу, маалымкат берүү жана башка ушул сындуу статистикалык маалыматтарды алуу жооптуу катчынын негизги милдети. Тиешелүү органдар талап кылган маалымкаттарды алуу үчүн бир күндө эле отуздан элүүгө чейин жаран кайрылат. Андан тышкары ар бир түтүнгө ачылган чарба китептери беш жылга гана түзүлөт. Андан соң кайрадан жаңы китепче ачып, башынан жазып чыгуу керек. Автоматташтырылган маалыматтык тутум иштеп баштаса кызматкер мындай түйшүктөн арылмакчы. Колго толтурулган маалыматтын баары электрондук форматка өтүп, бирдиктүү базага киргизилет.
Базага киргизилген маалыматты башка органдар да ала алат. Маселен, насыя алуу үчүн банкка кайралганда жашаган жериңизден маалымкат талап кылынат, ал эми айыл чарба багытында насыя алып жатсаңыз мал жандыгыңыз, чарбаңыз, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүңүз, үлүш жериңиз тууралуу маалыматты сурашат. Эгерде “Санарип аймак” платформасы иштеп баштаса банктар же андан башка маалымкат талап кылган мекемелер өздөрү эле базадан алып алышса болот.
“Санарип аймак” платформасын ишке ашыруунун негизги максаты аймактардагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү автоматташтырып, адам факторун азайтуу. Санариптешүү аркылуу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү болуп саналат. Санарип саясат эми айыл-кыштактардын, район борборлоруна чейин жеткирилет.
Узаган аптада өлкө башчысы өзүнүн кеңешчиси, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Дастан Догоевди кабыл алып, 2020-жылга карата өлкөнүн санариптик трансформациясы боюнча артыкчылыктуу багыттар менен таанышты. Президент былтыркы жылда өлкөнү санариптештирүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана аларды электрондоштуруу боюнча масштабдуу иштер жасалганын айтып, санариптешүү саястын мындан ары ишке ашыруу жолдоруна, келечектүү багыттарга токтолду. Ишке ашып жаткан санариптешүү процессин алыскы айылдарга чейин жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Өлкө башчысы санариптик технологияны экономикага жана социалдык тармакка терең киргизүү максатында калктын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүн жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи.
Өткөн жумада Улуттук банк Борбор Азияда эң алдыңкы деп эсептелген, заманбап жана жогорку сапаттагы маалыматтарды иштеп чыгуу борборун ишке киргизди. Дата борборунун жабдыктары дүйнөгө таанымал эл аралык көз карандысыз "Uptime Institute" уюмунун тастыктоосунан өткөн. Жаңы тутум төлөмдөр жана соода, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, банктын ички операциялык ишмердиги үчүн системалардын иштөөсүн камсыз кылат. Борбордун ишмердиги менен Президент таанышты.
Дата борбору 11 ай ичинде атамекендик айти компания тарабынан жасалып ишке берилди. Ал маалымат коопсуздугун бир нече компонеттер аркылуу камсыздайт. Борбор Улуттук банктын негизги милдеттерин - төлөмдөр жана соода тутумдарынын, мамлекеттер аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, электрондук документ жүгүртүү, «Түндүк» борбору менен маалымат алмашууну жана банктын ички операциялык ишмердигин камсыз кылат.
Президент Сооронбай Жээнбеков банк секторун санариптештирүү өлкөнү санариптик трансформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири жана санариптик экономиканы куруунун ажырагыс бөлүгү экенин өзгөчө белгиледи. Дата борборунун ишке кириши өлкөнү санариптештирүүнүн алкагында аткарылган негизги иштердин бири экенин айтты.
Санариптештирүүнү ишке ашырууда Кыргызстандык АйТи адистердин салымы зор. Дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери менен АйТи тармагында ат салышууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Анын анык мисалы катары ушул дата борборду ишке киргизген ата мекендик АйТи адистерди атасак болот. Өлкө башчысы муну өзгөчө белгиледи жана ыраазычылык билдирди.