Жаңылыктар
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн кризис борборлору ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн кризис борборлору ачылат

Жакын арада Бишкек жана Ош шаарларында үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн эки мамлекеттик кризистик борбор ачылат. Бул тууралуу Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Аялдар иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Мындан тышкары бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер – туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет. 

Ал үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ара иштешүү жана координациялоо үчүн мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка жергиликтүү коомчулуктардын активдүү мүчөлөрүнөн түзүлөт, — деди Өмүрбекова. Анын айтымында, үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин чечүү үчүн мамлекеттик институттар менен коомдун кийгилишүүсү зарыл. Жыл башталгандан бери өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза таап, бензин чачылып өрттөлгөн аял ооруканада. Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миң 159 арыз катталса, алардын 554ү гана сотко жөнөтүлгөн. 7 миң 45 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган.