Жаңылыктар
Жергиликтүү соттун судьясы Айнура Сулайманова кызматтан бошотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү соттун судьясы Айнура Сулайманова кызматтан бошотулду

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттун судьясы Айнура Сулайманованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Ош шаардык сотунда судьялык ыйгарым укуктарын аткарып жаткан жергиликтүү соттун судьясы Айнура Сулаймановага карата ээлеген кызмат ордунан бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу тууралуу берген сунушту Президентке Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы берген. 

Тартиптик жаза колдонуу өндүрүшүн козгоого Ош облусунун прокуратурасынын тартиптик чара колдонуу тууралуу сунушу негиз болуп, анда судья Айнура Сулайманова баңги затка байланышкан өзгөчө оор кылмыш менен айыпталган адамдын кылмыш ишин кароосунда, иштин жагдайларын толук изилдебей туруп, ага карата иштин материалдарында тиешелүү соттук экспертизанын корутундусу жоктугуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарганы негиз болгон. Жыйынтыгында жогору турган сот инстанциясы чыгарылган соттук актыны жокко чыгарды. Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 1100 эсеп көрсөткүчү өлчөмдөгү айыпка кириптер кылуу менен 10 жылга эркинен ажыратуу жазасы берилген. 

Бүгүнкү күндө аталган өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген. Айыптоочунун сунушун кароонун жыйынтыгы менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы судья Айнура Сулаймановага карата судьялык кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндөгү тартиптик чараны колдонуу чечимин чыгарган. Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.