Жаңылыктар
Мамлекеттик каттоо кызматынын онлайн калькулятор кызматы ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик каттоо кызматынын онлайн калькулятор кызматы ишке кирди

Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук порталында унааны каттоо жана кайра каттоодо алынуучу жыйымдын көлөмүн эсептөөчү онлайн калькулятор кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, онлайн калькулятор унаа ээлерине өз алдынча транспорт каражатынын чыгарылган жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша каттоого алууда жыйымдын наркын автоматтык түрдө эсептеп чыгарат. Автомототранспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жана кайра каттоодо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жыйым алынат.