Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу ишин баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Кезектеги декларациялык кампания эки этапта өтөт. 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар ишмердиктери тууралуу маалымат бериши керек.
Ошондой эле, Кыргызстандын аймагында ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар декларация тапшырууга милдеттүү.