Президенттин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнө кайрылгандардын көбүнүн маселелери оң жагына чечилүүдө. Соңку убакта кеп-кеңеш сураган жарандар да арбыган. Коомдук кабылдамага негизинен социалдык, экология, мүлк бөлүштүрүү, пенсия, жөлөк пул, мунапыс жана башка көптөгөн суроолор менен кайрылышат.
Алты жыл мурда Чүйдүн Ысык-Ата районунун 21 жаштагы жараны "мени ур-токмокко алды" деген арыз менен ички иштер органдарына кайрылып, жубайлар Жылдыз Иманалиева менен анын жолдошу Тимур Аманбаевге карата кылмыш иши козголгон. Жасалма документтердин негизинде жалган жалаа жаап жатканын далилдегиси келген жубайлар адилеттик издеп, барбаган жери какпаган эшиги калган эмес. Бул аракеттерден майнап чыкпагандыктан, акырында Президенттин Аппаратынын коомдук кабылдамасына кайрылууну чечишкен.
Президенттин Аппаратынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүнө жогоруда аты аталган жубайлар сыяктуу адилеттик издеп келип, маселесин чечип жаткан жарандардын саны абдан эле арбыды. Коомдук кабылдама кайрылган жарандардын көпчүлүгүн да дал ушул сот, укук коргоо органдарына кайрылгандар түзөт.
2019-жылы Президенттин Аппараты 15305 жарандын кайрылуулары менен иш жүргүзгөн. Анын ичинен 11349у жазуу же электрондук түрдө келген. 1931 жаран коомдук кабылдамада кабыл алынган. Ишеним телефондор жана кызматтык телефондор аркылуу кайрылгандар жарандардын саны 1181. 620 жаран коомдук кабылдамаларга келип, маалыматтык-укуктук кеңештерди жана түшүндүрмөлөрдү алган. Былтыр кайрылуулардын жалпы саны мурдагы жылга салыштырмалуу 14,1%га, ал эми жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын саны 21,7% га азайган.
Жакындан тартып кайрылууларды ыкчам ишке ашыруу үчүн автоматтык система иштей баштады. Тактап айтканда Мамлекет башчысынын расмий сайты аркылуу электрондук кайрылуулар дагы кабыл алына баштады. Мындай ыкма кайрылуу бергенди жана кабыл алууну жеңилдетти.
Коомдук кабылдама бул жарандардын кендирди кескен көйгөйлөрүн бийлик өкүлдөрүнө ыкчам жеткирип, маселени ылдам чечүүчү мыкты институтка айланды. Өткөн жылы кабыл алынган кайрылуулардын көбүнө тиешелүү жооптор берилген.
Бөлүмгө жарандар электрондук түрдө, президенттин расмий сайты, коомдук кабылдамалар аркылуу кайрыла алат жана КТРКнын Биринчи кыргыз радиосунун “Биринчи кабылдама” берүүсү аркылуу түз эфирде берсе болот.