Жаңылыктар
Өлкөдө төрт жүзгө жакын социалдык объектилерди куруу мерчемделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө төрт жүзгө жакын социалдык объектилерди куруу мерчемделүүдө

Быйыл өлкөдө төрт жүзгө жакын социалдык объектилерди куруу мерчемделип жатат. Анын ичинен алтымыштан ашыгы билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелери. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди. Ал эми өткөн жылы да Кыргызстан боюнча 200дөн ашык социалдык объектини куруу жана капиталдык оңдоодон өткөрүү жумуштары жүргүзүлдү. Жылдын жыйынтыгы менен 100дөн ашык курулуш пайдаланууга берилди.

Соңку жылдары мектеп, бала бакча, спорт комплекстери, оорукана, бейтапкана сыяктуу социалдык объектилерди куруу, курулушу бүтпөй токтоп тургандарынын курулушун кайра жандантуу, эскилерин капиталдык оңдоодон өткөрүү маселелерине олуттуу көңүл бурулууда. Бул максатта атайын бюджеттен каражат бөлүнүп, жыл өткөн сайын өлкөдө жаңы социалдык объектилер пайдаланууга берилип жатат.

2019-жылы 223 социалдык объектинин курулушу жүргүзүлдү. Алардын ичинде 139у мектеп, 29у бала бакча, 9зу саламаттык сактоо, 8и маданий, 16ы спорт, 9зу дагы башка тармактагы социалдык объектилер. Алардын курулушун каржылоого бюджеттен 2 млрд 774 млн сом каралып, 2 млрд сомдон ашык акча бөлүндү. Социалдык объектилердин курулушу кайсы аймакта канча пайызды түзөөрүн алып карасак, Талас облусунда 8,1 %, Чүй облусу менен Бишкек шаарында 14,3 %, Баткенде 11,7 %, Жалал-Абадда 18, 8 %, Ысык-Көл облусунда 10,3 %, Нарында 9,9 %, Ош облусунда 26,9 %ды түзөт.
Былтыр 223 социалдык объектинин 110нун курулушу бүткөрүлүп пайдаланууга берилди. Анын ичинен 36сында капиталдык оңдоо жүрсө, 51и жаңы салынган объектилер. Бул 31 мектеп жана аларга курулган спорт залдар, 215 орунга ылайыкталган 2 бала бакча, 560 орунга эсептелген 6 саламаттык сактоо мекемеси, 1 маданият, 4 спорт комплекстери жана 145 батирлүү эки турак жай жана ар кандай багыттагы 5 объект.

Ошол эле учурда 20дан ашык айылга таза суу тартылды. Өлкөнү ичүүчү таза суу менен камсыздоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Ошол эле учурда бюджеттен эмес башка каржы булактарынын эсебинен да курулуп жаткан социалдык объектилер бар. Былтыр коррупциядан түшкөн каражаттардан чогулган бирдиктүү эсептеги каражатка Бишкек, Чүй жана Ош шаарындагы 15 мектепке кошумча жаңы имараттарды куруу долбоору бекитилген. Учурда он төрт мектепте курулуш жумуштары жүрүп жатат, бир объектинин курулушу быйыл башталат. Муну менен катар Сауд Аравия фондунун эсебинен 7600 орундуу 27 мамлекеттик мектеп курулат.

Ал эми 2020-жылга Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 398 социалдык объектини куруу боюнча сунуш берген. Учурда бул маселе Өкмөт аппараты, Билим берүү жана илим, Каржы министрлиги менен талкууланып жатат.